Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айтматов менен Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

24.08.2021 13:57
1244
Айтматов менен Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз- казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов жана тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргызстанга чыгармачыл сапар менен Казак эл акыны Мухтар Шаханов келип кетти. Анда ал Кыргыз- казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов жана тууралуу даректүү тасмага тартылуу үчүн келди.


Мындай демилгени иш жүзүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ашырып, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы, “ЭлТР” телерадиокомпаниясы, 5- канал, “Пирамида” каналдары жана Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясы колдоого алды. 

 

Тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда. 


Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов “Ата-Бейит” тарыхый комплексинде, Ч.Айтмтовдун үй- музейинде жана Ысык- Көлдө болду. Ошондой эле, чыгармачыл сапардын алкагында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулуп, ал “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу жазылып алынды.


Бул тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналып, кыргыз- казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн