Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азамат Жаманкулов Алыкул Осмоновдун үй – музейине барды

30.01.2022 11:01
2672
Азамат Жаманкулов Алыкул Осмоновдун үй – музейине барды


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Чолпон- Ата шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй- музейинде болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


 Анда министр  Алыкул Осмоновдун   100 жылдыгына карата  үй- музейи кайрадан жаңыланган экспозициясы менен таанышып чыкты.  Белгилүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары  Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясына дарыланып, ал жерден 3 бөлмөлүү ушул  үйдө  байырлап калган.  Акындын көзү өткөн соң, жашаган үй музей катары пайдаланылып,   аны  Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Асанбаев Бакыт  14 жылдан бери айлык албастан  оңдоп-түзөп  көзөмөлдөп келген.  2015-жылы Алыкул  Осмоновдун 100 жылдыгына  карата   100 бак тигип, музейдин жанына чакан сейил багын  уюштуруп,  эстелик тургузулган. 


Азамат Жаманкулов акындын үй музейин аздектеп сактоо жана коргоо маселеси Маданият министрлигинин көңүлүндө экендигин белгилеп, мыйзам чегинде  музейди  Министрликтин  балансына толук алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн