Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азамат Жаманкулов Эрдогандын башкы кеңешчиси менен жолугушту

02.04.2022 10:03
1496
Азамат Жаманкулов Эрдогандын башкы кеңешчиси менен жолугушту

Азамат Жаманкулов Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда кыргыз- түрк кызматташтыгындагы маданий гуманитардык алакалар боюнча баарлашып, алдыда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.


Өз кезегинде, Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда аталган оюндарды өткөрүүдө бар тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.


IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн