5-7-июль күндөрү Бишкек шаарында 15 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты (U-15) өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жалпысынан өспүрүм балдар жана кыздар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 медаль топтому ойнотулду.
Кыргызстандык спортчулар жалпысынан 18 медаль жеңип алды - 2 алтын, 5 күмүш жана 11 коло.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы - 7 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 4 коло), кыз-келиндер күрөшү боюнча - 6 медаль (1 күмүш, 5 коло), ал эми эркин күрөш боюнча - 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло) алды.
Кыргызстандык жеңүүчүлөр менен байге ээлеринин тизмеси:
Алтын медаль ээлери:
Марсел Ооганов – эркин күрөш;
Хасан Гасанов – грек-рим күрөшү.
Күмүш медаль ээлери:
Умар Баатырбеков – эркин күрөш;
Адилет Муканбетов – эркин күрөш;
Калича Кылычбекова – эркин күрөш.
Нурислам Шаимкулов – грек-рим күрөшү;
Байэл Асылбеков – грек-рим күрөшү.
Коло медаль ээлери:
Билал Долоталиев – эркин күрөш;
Абриэл Аманов – эркин күрөш;
Арууке Нурбекова – эркин күрөш;
Жасмина Арзыбаева – эркин күрөш;
Аяна Ниязбекова – эркин күрөш;
Аяна Асылбекова – эркин күрөш;
Алина Жаркынбаева – эркин күрөш.
Юсуф Баялиев – грек-рим күрөшү;
Нурэл Өзгɵнов – грек-рим күрөшү;
Бакай Рустамов – грек-рим күрөшү;
Нурдин Анаркулов – грек-рим күрөшү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн