Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Азиза Абдирасулова: “Акыркы жылдары микроинсульт алып, жакшы көргөн пивону да ичпей калдым”

09.12.2022 15:43
6776
Азиза Абдирасулова: “Акыркы жылдары микроинсульт алып, жакшы көргөн пивону да ичпей калдым”


- Азиза айым, өткөндөгү соттук ишиңиз эмне менен бүттү?


- Мыйзам бузуулар кодексинин 128-беренеси менен мага протокол түзүшкөн. “Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбеген” деп 3000 сом айып салышты. Сотто мен “алардын аракети мыйзамдуу экенин далилдегиле” деп талап койдум. Ал жерге митингге катышканы барган эмесмин. Акүйдүн алдына жеткенимде митинг жок экен. Эки-үч эле адам туруптур. Колумда бир да плакат болгон эмес. Бирөөлөрдү “митингге келгиле” деп чакырык таштаган эмесмин. Тескерисинче, милиция кызматкерлери “Горький паркына баргыла” деп туруп алды. “Ал жакка эмнеге барышым керек?” деген суроону койдум. Менин ордумда башка бир адам деле бармак эмес да. Ошо жерден өтүп кетейин десем тосуп, кармап алып, ары-бери сүйрөштү.


- Милийсалар ары-бери сүйрөштү эле, бутуңуз кантти?


- Мени көптөрү билбейт, сол бутумда протез бар. Кээде аксап калам, айрым учурда балдак менен жүрөм, кайра мындай эле басып калам. Ал күнү обу жок сүйрөй бергенден жыгылып кеттим. Бутум катуу ооруксунду. Ушу кезге чейин жакшы боло албай жатам.


- УВД начальнигинин орун басары “ичип алган” деп айтты эле, ошону далилдештиби?


- Албетте, ичимдик боюнча далилдей алышкан жок. Ал кандайдыр бир себеп табуу аракетинде мени “ичип алыптыр” деди. Себеби, “митингчи” дейин десе колумда плакат жок, тартип бузгудай ал жерде мыйзамсыз эчтеке кылбадым.


- Наркологияга жибергенге кандайдыр бир негиз болуш керек го?


- Сөзсүз. Биринчиден, ошол адам кылмыш жасап жаткан жердин үстүнөн кармалышы керек. Экинчиден, же машиненин рулунда болуусу шарт. Менде экөө тең болгон жок. Башка убакта каалаган адамды кармап алып, наркологияга жөнөтүү – жеткен абсурд көрүнүш! Замначальник тупой болсо, элдин баары андай эмес да. Мага наркологияга текшерилгенге тергөөчү направление бере алган жок. Ошентип мени алпарганга негиз таба албай коюшту.


- Негизи ичкиликке кандайсыз?


- Кайсы бир учурда Чехияда жүргөндө чех пиволорунан ууртаптатып жүрдүм. Ошондон улам пивону жакшы көрөм. Бул жактан жаңы “Арпа” болсо ичип калчумун. Кээ бир адамдарга окшоп калптычынды койгулап, “оозума албайм, намаз окуйм” дегенден алысмын. Акыркы жылдары эки жолу микроинсульт алып, ошондон бери ден соолукка байланыштуу жакшы көргөн пивону да ичпей калдым. Муну элдин баары билет.


Сурат Жылкычиев

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн