Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бабановдун ыктыярдуу жардамы юристтердин суроосун пайда кылды

25.03.2021 19:17
1101
Бабановдун ыктыярдуу жардамы юристтердин суроосун пайда кылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы экс-депутат, мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кылмыш иштери кыскарганын маалымдады. УКМК анын мамлекетке келтирилген чыгымдарын тапкан эмес. Бирок Бабанов мамлекетке 100 млн сом жардам катары бере турганын маалымдады.      

Бул сумма ыктыярдуу деген менен сөзсүз түрдө ар кандай ой жаратты. Анткени бул абалда келтирилген чыгымдарды төлөп берүү тууралуу да сөз кетти. Буга байланыштуу Vesti.kg сайты юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевге кайрылып, салмактуу саясатчы тарабынан мамлекетке берилген ыктыярдуу жардамдын укуктук феномени канчалык бекемделгенин сурап көргөн.

Кайрат Медербекович экономикалык амнистия тууралуу мыйзамга ылайык экономикалык кылмыштар жана келтирилген чыгымдар жеңилдетилиши мүмкүндүгүн айтты.

Келтирилген чыгымдын ордун толтурууга байланыштуу кылмыш изилдөөнү токтотуу аны актап коюуга негиздүү дегенди түшүндүрбөйт. Тактап айтканда, күнөөсү далилденди, себеби чыгымдарды төлөп берүү анын күнөөлүү экенин моюндайт. Ошондой эле мамлекет ага катуу чара көрүүдөн баш тартты жана жазалоо максатына жеткен жок”, - дейт юрист.

Муну менен катар социалдык тармактарда көптөгөн колдонуучулар Бабановдун бул сумманы төлөп беришинен күмөн санашты.

Саясатчы Айнура Арзыматованын айтымында, мамлекетке берилген жардам жана кылмыш ишин жабуу экөө бири-бири менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Буга чейин эксперттер экономикалык амнистияны өз пайдасына өндүрүп алууну көздөгөн баналдуу нерсе экенин айтышкан.

Осмоналиев да ушундай ойдо. “Жаран катары коррупционерлерден жана мыйзамсыз акчаларды кайтаруудан алынган бул каражаттар кайда кетип жатканын билүү мага кызык. Жүздөгөн миллиондор кайтарылып жатканын окуйбуз, бирок конкреттүү кайда түшүп жатканы түшүнүксүз. Негизги суроо: келтирилген зыяндын көлөмүн кантип аныктап атат? Бул жерде коррупциялык тобокелчилик бар. Мына ушул суроолорду тескей турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек деп ойлойм”, - деп кошумчалады эксперт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн