Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Балыкчыда муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Балыкчыда муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды


Балыкчы шаарынын Озерная кѳчѳсүндөгү 8-көлмөдө муз тээп жаткан өспүрүмдөр сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Окуя тууралуу билдирүү бүгүн саат 15:29да түшкөн, жерине төрт куткаруучу тартылган. 

Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, сууга түшүп кеткен өспүрүмдөрдү аман куткарып калышкан.

Балдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берилген. Учурда алардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн