Бугу 03, 2025
Убакыт: 17:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Баткен облусунун башчысы Достук айылынын элинен кечирим сурады

08.03.2025 11:39
339
Баткен облусунун башчысы Достук айылынын элинен кечирим сурады


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын элинен кечирим сурады. Бул тууралуу УТРКга берген маегинде белгилүү болду.


Облус башчы эл менен жолугушуу учурунда эмоцияга алдырып койгонун айткан.


"Эл менен жолукканда чынында эмоцияга алдырып койдум. Жалпы Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз", -деген ал.


Ошондой эле Достук айылынын тургундарына эми 10 сотых жерге үй салынарын, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилерин айтты.


Белгилей кетсек, бүгүн, 7-мартта Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда орой баарлашкандыгы үчүн президент тарабынан оозеки түрдө эскертүү алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн