Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен шаары жакында толугу менен газдаштырылабы?

28.01.2021 15:33
2183
Баткен шаары жакында толугу менен газдаштырылабы?


Сейдакмат ажы Эрматов кезегинде Баткен нефти газынын башкы директору болуп эмгектенген. 2009-жылдан, 2013-жылга чейин Баткен шаарын жетектеп турган бул инсандын кесиби инженер механик. Облустун түптөлүшүнө, шаардын инфраструктурасынын өнүгүшүнө өзгөчө салымын кошкон Сейдакмат ажы Эрматов коомдук ишмер Арзыбек Бурханов менен биргеликте Баткен өрөөнүн газдаштыруу боюнча демилгени айтып чыккандардын алгачкысы. Айтып эле калбастан, Ак-Турпак айыл аймагынан чыккан жаратылыш газын 40 чакырымдык же Баткенге чейин тартып келүүнүн долбоорун да даярдашкандар.


Аккан арыктан кайсы бир күнү суу агат демекчи, башталган же долбоору даяр өрөөндү газдаштыруу идеясы бир караганда алыс эмес сыяктуу. Биз бул багытта Баткен газдын мурдакы жетекчиси Сейдакмат ажы Сейитказыевич менен баарлаштык.


- Сейдакмат ажы айтсаңыз, Баткен шаарын газдаштыруу идеясы кайдан пайда болду. Чын эле Баткенге жаратылыш газын алып келсе болобу?


- Болот албетте. Биз муну жок жерден айтып жаткан жерибиз жок. Толук изилдеп, долбоорун даярдап бүткөндөн кийин айтып жатабыз. Тарыхына кайрылсак, 2005-жылы Арзыбек Бурханов экөөбүз бул маселе боюнча бир ай сүйлөштүк. Газды каяктан алабыз, канча каражат кетет деген суроо менен жаратылыш газынын көп запастары бар Бүргөндү өрөөнүн дээрлик кыдырып чыктык. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүлүп, ошол кездеги Президентибиз Бакиевге чейин жеткен. Макулдук алганыбыздан кийин долбоорчуларды (проектировшиктерди) чакырып, бир ай иштеткенбиз. Бул долбоор боюнча 40 чакырым аралыкта Миң-Чынар айылынын үстүжагынан башталып, Ак-Өтөк, Ак-Турпак, Жаңы-жер айылдары аркылуу Баткенге чейин келет. Тилекке каршы, башталган иш 2010-жылдагы революциядан кийин токтоп калды.


- Азыр аны улантса болобу, жаратылыш газынын запасы канчалык?


- Жаратылыш газынын запасы бир эле Баткен шаарына эмес, Баткен облусу менен Ош аймагын кошсо да жетет. А Баткен шаарынын өзүнөболсо, 15 куб метр газ ашыгы менен жетет. Эгерде, бүгүнкү күндө Бүргөндү өрөөнүнүн өйдөңкүаймагындагы Пидафттан чыккан газдын 5 млрд. кубга жакын жаратылыш газы бар экенин эске алсак, ал турсун, коңушу Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттосок да болот. Болгону бизге каражат, техника жана адистер болсо, Баткен өрөөнүн газдаштырууну жакынкы жылдарда ишке ашырса болот.


- Жагымдуу жаңылык экен ажы аке айтсаңыз, канча каражат керектелет?


- Баткенди газдаштыруу долбооруна керектелүүчү 2 млн. сом каражат Арзыбек Бурханов тарабынан каржыланган. Ал эми, 40 чакырымга газ түтүктөрүн тартып келүү, газдарды бөлүштүрүүчүстанцияларды куруу жана башка Баткенге чейин газ жеткирүүчүиштерди толук бүткөрүү үчүн 1 млн. доллар же 100 млн. сом болсо кыска аралыкта элибизди жаратылыш газы менен камсыз кылсак болот.


- Бул чын эле реалдуубу, мындай дегеним жаратылыш газы менен шаардыктарды же облустун калкын камсыз кылса, элибиздин эң чоң социалдык маселесин чечкен болоор элек?


- Газдаштыруу элдин турмуш шартынын кескин жакшырышына өбөлгө түзөт. Элибиз көмүр отундары, электр энергиясы үчүн эле канча каражаттарды жумшашат. Көмүрдүн, отундун, электр энергиянын баасы канча экенин өзүңүз билесиз. Ошондуктан, эң ириде элге жаратылыш газын жеткирсек, чоң соопко калаар элек. Өндүрүш тармактары өнүкмөк. Канча ооруканалар, мектептер, социалдык обьектилер арзан отун менен камсыз болуп, бюджеттик каражаттар кескин үнөмдөлмөк.


Адылбек Акматов «Баткен таңы»

 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жыргал
Газды койо тургула,газды иче албайбыз #ТАЗА СУУ менен толук камыз кылып берсиндер,бугунку кундо канчалаган квартал таза сууга жетбей журот айрыкча жаны конуштар,шланк комуп эле жатат таза суудан кабар жок?