Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде 7 тонна жер семирткичти контрабандалык жол менен алып өтүүгө бөгөт коюлду

14.03.2023 17:50
315
Баткенде 7 тонна жер семирткичти контрабандалык жол менен алып өтүүгө бөгөт коюлду

Баткенде 7 тонна минералдык жер семирткичти мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Баткен шаарында С.У.З. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген. Унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн 70 кап аммиак селитрасы табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3 тонна 500 кг, баасы 147 миң сомду түзгөн.


Ошондой эле Д.М.Б. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тонна 500 кг, баасы 147 миң сомду түзгөн аммиак селитрасы аныкталган.


Жүктөрдүн бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.


2 факт боюнча топтолгон материалдар КККБжБЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн