Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Баткенде Баяман баатыр базарынан ири өрт чыкты

01.04.2024 10:40
688
Баткенде Баяман баатыр базарынан ири өрт чыкты


Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарынан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кырсык тууралуу 1-апрелде түнкү саат 02:29да маалымат түшкөн. Жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоо саат 04:07де чектөөгө алынып, эртең мененки саат 07:01де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2 миң 380 чарчы метр аянтты камтыган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

ӨКМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, акыркы сутка ичинде өлкө ичинде жалпы 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылган.
Алсак:

  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 3.

Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн