Жетинин айы 11, 2025
Убакыт: 13:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.070
1.100

Баткенде аткезчилик каналын уюштурган 12 адам кармалды

11.11.2025 11:54
36
Баткенде аткезчилик каналын уюштурган 12 адам кармалды


Баткенде керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өзгөчө ири көлөмдөгү керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналы аныкталган.


Тактап айтканда, "Уюшкан топ тарабынан (чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Тажикстандын аймагына тиричилик техникаларын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында уюшкан топ түзгөн Тажикстан, Кыргызстан жана Кытайдын жарандары аныкталды.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 млн сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды: Кытай жараны Л.Ц.Ф. жана Кыргызстандын жарандары И.А.И., T.A.K., T.У.M., A.K.K., O.Ш.К., С.A.К., У.у.М., Г.У.T., С.И.A., T.T.A. жана T.Д.Э. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Кармалган адамдар тарабынан жогорудагы кылмыштар УКМК тарабынан мыйзамсыз аткезчиликтин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чараларга карабастан жасалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн