Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында "Ак-Турпак Групп" ЖЧКсынын күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев жана айыл тургундары катышты.
Жаш ишкер Алина Исакова жетектеген өндүрүш ишканасы буга чейин улуттук ыкмада, кол эмгеги менен күрүчтү актоо жана таңгактоо жумуштарын жасап келген.
Учурда ишканага АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан "Баткен облусун региондук экономикалык өнүгүүсү долбоорунун алкагында 15 млн 600 миң сомдук заманбап жабдуулар жана техникалар сатып алынган.
Аталган жабдуу саатына 1 тонна 200 кг күрүчтү актайт.
Калдыксыз өндүрүш жасоо максатында ишкана күрүчтүн кебегинен косметикалык каражаттарды жана топонунан курулуш материалдарын жасоону колго алган.
Баткенде өндүрүлгөн күрүчтүн ак турпак, лазер, девзире түрлөрүнө суроо талап жогору.
Ишкана учурда таңгакталган күрүчүн ички рынокто Бишкектеги соода дүкөндөрүнө жана Россия, Өзбекстан, Америка өлкөлөрүнө экспорттоп жеткирди.
Учурда ишканада 15ке жакын жумуш оруну түзүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн