Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткенде милициянын эки айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү

14.03.2023 17:21
228
Баткенде милициянын эки айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү



Баткен ОИИБде облус аймагындагы ИИОнун аткарган иштерин   жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Ыкчам кеңешмеге Баткен ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты. 


Кеңешмеде 2023-жылдын 2 ай ичинде аткарган иштерине токтолуп, милиция кызматкерлеринин коопсуздукту сактоодого ролу, кылмыштуулук менен күрөшүүдө аткарган иштери, ошондой эле калкка сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүдөгү  иш-аракеттери боюнча талкуулар болду.

Милициянын аткарган иштерин элге ачык-айкын жеткирүү максатында 2023-жылдын 2 ай ичинде милициянын участкалык уполномоченныйлары 147 жолу эл алдында отчетторун берди. Ал эми түзүлгөн графиктин негизинде алыскы аймактарга элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы аймактарды аралап, элдердин арыз-даттанууларын кабыл алууда.

Баткен ОИИБдин начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча элге толук жана так маалыматты жеткирүү, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери арасында коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн күчөтүлгөн талаптарды койду. “Милициянын күчү- элдин ишеними менен колдоосунда, ошондуктан ар бир милиция кызматкери мыйзам талаптарын сактап, айкын иш алып барышы зарыл” деп белгиледи милициянын генерал-майору Мурат Боронов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн