Бугу 03, 2025
Убакыт: 03:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Баткенде мыйзамсыз алынып бараткан тиричилик техникалары кармалды

19.06.2020 14:26
1353
Баткенде мыйзамсыз алынып бараткан тиричилик техникалары кармалды


Бүгүн, 19-июнда чек арачылар тарабынан Өзбекстандын аймагына атайын өткөрүү жайынан сырткары жерден мыйзамсыз контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылына жакын жерден 33 жаштагы Н.С. аттуу адам Daewoo Damas автоунаасында Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына атайын өткөрүү жайынан сырткары жерден мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок кондиционерлерди алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалды.


Ал эми андагы жүктүн жалпы суммасы 135 миң сомду түзгөн. Жүк жана кармалган жаран мамлекеттик бажы комитетинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн