Теке 18, 2025
Убакыт: 16:12
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты курула баштады

18.07.2025 12:47
18
Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты курула баштады


Бүгүн Баткен шаарында облустук прокуратуранын имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү.


Иш чарага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов, облус прокурору Абай Молдокматов жана облустук жетекчилер, прокуратура кызматкерлери, куруучулар катышты.


Облус башчысы өз сөзүндө, бул имараттын пайдубалынын түптөлүшү — өлкөбүздөгү мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин бекемделишине арналган маанилүү учур деп белгилеп, имарат- укуктук мамлекеттин бекем пайдубалы катары, өлкөбүзгө көп жылдар бою кызмат өтөсүн деген каалоосун билдирди.


Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен курулат.


Курулуштун жалпы сметалык баасы 140 млн сомду түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн