Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Баткенде өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатуу каналына бөгөт коюлду

17.04.2024 17:09
456
Баткенде өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатуу каналына бөгөт коюлду


Баткенде милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.

Такталгандай, Бишкек — Исфана автожолунун Баткен шаарына кире беришинде 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран башкарган "Опель Зафира" маркасындагы унаа токтотулган. Кызматтык издөө итин пайдалануу менен автомашинаны кароодо салондун төрт босогосунун каптамаларынын астындагы көңдөйлөрдө сары скотч менен оролгон 13 брикет табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу менен алынган зат афган тектүү кара куурай чайыры (гашиш) экени, анын таңгагы менен жалпы салмагы 13 килограммдан ашкан.

1980-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кылмыш жасады деген шек менен кармалып, баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кармалган адамдын трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн