Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды

30.09.2020 13:51
1002
Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды


Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 


Республикалык штабдын маалыматына караганда, ошондой эле коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү. 


26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды. Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.


Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн