Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 11:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.130

Базар-Коргон районунда кудуктан эркек киши менен өспүрүмдүн сөөгү табылды

15.07.2021 18:23
3530
Базар-Коргон районунда кудуктан эркек киши менен өспүрүмдүн сөөгү табылды


Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чарбак айылында таза суунун кудугунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.

"Жерине үч куткаруучу тартылып, кудуктан 1976 жана 2003-жылы туулган жарандардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн