Теке 06, 2025
Убакыт: 00:57
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Базар-Коргондо 14 жаштагы бала 31-марттан бери дайынсыз. Издөө иштери кайрадан жанданды

16.05.2023 13:11
598
Базар-Коргондо 14 жаштагы бала 31-марттан бери дайынсыз. Издөө иштери кайрадан жанданды



Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы М. Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери 2023-жылдын 16-май күнү кайрадан башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Дайынсыз болгон мектеп окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.


Жерине Базар-Коргон райдук ӨКБнүн 5 куткаруучусу тартылып, издөө жумуштарын алып барышууда. 


Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен. 

Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн