Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 21:17
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

Базар-Коргондо мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

02.10.2025 12:09
178
Базар-Коргондо мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды


Базар-Коргондо мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.


Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2021–2022-жылдары Базар-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жарандарга турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзам бузуу жолу менен берилгендиги аныкталды.


Прокурордук чаралардын жыйынтыгында Базар-Коргон шаарынын Жети-Кошкон айылынын Актайлак-Ата участкасында жайгашкан ар бири 0,06 гектардан турган 123 жер тилкеси, жалпы аянты 7,38 гектар жана наркы 161 млн 622 миң сомду түзгөн жер тилкелери Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн