Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бектур Асанов: Кыргызстан коңшу мамлекеттерден эбегейсиз алдыга кеткен, муну өзүбүз сезбейбиз

27.03.2021 16:52
1621
Бектур Асанов: Кыргызстан коңшу мамлекеттерден эбегейсиз алдыга кеткен, муну өзүбүз сезбейбиз


Саясатчы Бектур Асанов “Азаттык” үналгысынын “Абак азабы” долбоорунун суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстан бир топ алдыга өнүгүп кеткенин билдирген.


Түрмөдөн чыккандан кийин 1,5 жыл КМШ мамлекеттирин кыдырып иштедим. Ошондо Кыргызстан жалпы экономикалык, адамзаттын өнүгүшү боюнча алардан алда канча өнүгүп кеткенине толук ынандым. Казакстан, Өзбекстан, Россия миллиарддаган газ, нефтилерди өндүрүп жатканы чын. Бирок, эли жакыр, ачка калгандар аз эмес. Аларда демократия, сөз эркиндиги жок. Эл өз баасын билбейт, бийликке таасир эте албайт. Бийлик каалаганын жасайт. Бизде киши башына 700 доллар карызыбыз бар деп чочулап жатабыз, Казакстанда киши башына 15 миң доллар карызы бар. Ошондуктан биз алдыга кетип калдык деп ишенимдүү айта берсек болот. Бирок, жакшы адамдар бийликке келсе мындан да алдыга кетебиз”, - дейт ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Эн туура! Биз алардан тартип, бюджеттеги акча тарабынан болбосо дагы, эркиндик, демократия жана адам укугу тарабынан алда канча алдыдабыз. Биз откон, биз баскан жолдон алар созсуз турдо отот. Кааласа, каалабаса дагы басып отушот. Баардык нерсени куч менен коркутуу менен туболуко кармап туруу мумкун эмес.