Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов көз жумду

30.08.2023 17:04
2122
Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов көз жумду


Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31-августа саат 15: 00дө "Чыгыш-5" кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда, (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге эле, Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенип, бир катар таланттарды, шакирттерди тарбиялап чыгаруу менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн