Баш оона 23, 2025
Убакыт: 12:49
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түштү

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түштү




16-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа каттамынын 302-303-чакырымдарына кар көчкү түштү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, түшкөн кар көчкүсү түнкү саат 00:30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бирок айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилип, адамдардын коопсуздугу үчүн жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.


“Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн