Баш оона 26, 2025
Убакыт: 17:24
USD
87.10
87.60
EUR
101.10
102.10
RUB
1.080
1.110

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жол тандабас кагылышып, бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жол тандабас кагылышып, бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жол тандабас кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталып, Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаасы менен Лексус RX 350 унаалары сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен Лексус унаасынын айдоочусу жеринен каза болуп, 3 адам жабыркаган.


Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун  куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн