Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 09:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.025
1.060

Медиктердин дагы жетисинен коронавирус аныкталыды

04.06.2020 10:19
1240
Медиктердин дагы жетисинен коронавирус аныкталыды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-июндагы брифингде билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында – 4 жана Нарын облусунда – 1 медиктен коронавирус табылган.


Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылып, оорудан сакайган ак халатчандардын саны 270ке жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 372 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн