Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды, - ӨКМ

05.02.2024 13:00
309
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды, - ӨКМ


Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов "Биринчи радиодогу" маегинде билдирди.


Ал жарылуу өтө чоң масштабда болгонун белгиледи.


"Айнектин сыныктары, чатырдын тунукелери жүздөгөн метрге чейин учкан. Анткени жарылуунун күчү өтө чоң болгон. Баш-аягы 650-680 чарчы метрлик чатыр толугу менен аңтарылып калган", — деди Шамырканов.


Анын айтымында, атайын лаборатория изилдөөлөрдү жүргүзүп, өрт кырсыгынын очогун тапты.


"Өрттүн очогу 14-от казандын жанында жайгашкан тегирменге туура келди. Ал көмүрдү майдалап от казанга чачып берип турат. Лаборатория азыркы тапта дагы өзүнүн ишин улантууда", — деди ал.


Шамырканов жеринде күн сайын миңге жакын киши иштеп жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн