Теке 16, 2025
Убакыт: 20:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.116
1.135

Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалганы айтылууда

16.07.2025 14:00
24
Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалганы айтылууда


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буйруп, аны ыкчам-кызматкерлер алып кетти. Бул тууралуу Регион ТВ телеканалы билдирди.


Камчыбек Ташиевдин айтымында, Жамалбек Ырсалиев муниципалдык жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканы аныкталган. Жерди колдонгону үчүн ижара акысын да төлөгөн эмес.


“Шаар муниципалдык жер үчүн пайда табыш керек болчу. Бирок Жамалбек Ырсалиев жерди акысыз колдонгон. Мындайга жол берилбеш керек болчу. Чогулган материалдардын негизинде анын жоопкерчилигин карап чыгышыбыз керек,” - деди ал.


Ошондой эле Камчыбек Ташиев бийлик органдарында иштеген кызматкерлер өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, бизнесин коргоп, жерлерди өздөрү иштеткени көбөйүп кеткенин айтып, эскертүү берди.


"Мамлекеттик кызматкерлер кызматка келдиби, өзүнүн кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюш керек. Ошондо гана иш болот. Эгерде дагы бир ушундай учурлар аныктала турган болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз", - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн