Бугу 17, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров кайсы партия менен шайлоого катышары белгилүү болду

15.02.2021 15:29
895
Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров кайсы партия менен шайлоого катышары белгилүү болду


11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна партиялар даярдык көрө баштады. 


Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, спикер Жаныбек Абиров жаңыланган "Эмгек" саясий партиясынын курамында шайлоого катыша турган болду. 


Партия 13-февралда съезд өткөрүп, алдыдагы шайлоого катышуу боюнча пландарды жана партия лидерин караган.


Партия лидери болуп Ырысбек Мааткабылов дайындалса, анын орун басары спикер Абиров дайындалган.


"Эмгек" партиясынын курамында  Ырысбек Мааткабылов, Жаныбек Абиров, Олег Подобедов, Назгүл Мазекова, Жумабек Салымбеков, Токтосун Султанов жана башкалар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн