Теке 13, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.100
1.135

Бишкек шаардык соту Дүйшөнбек Зилалиевге карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды

15.03.2021 14:27
693
Бишкек шаардык соту Дүйшөнбек Зилалиевге карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаардык сотунда соттук коллегия мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.


Мындай чечимди судьялар Карабеков, Манапбекова, Алкожоев  соттук коллегиясы кабыл алды.


Буга чейин, 2020-жылдын 5-октябрында, Биринчи Май райондук соту айыпталуучу Д.Зилалиевди күнөөлүү деп таап, төмөндөгүдөй өкүм чыгарган:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункту боюнча - мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан 3 жылга ажыратуу менен 7 жылга эркинен ажыратуу;


- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча - камакка алынган мүлк объекттерин конфискациялоо;

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн