Кулжа 30, 2025
Убакыт: 19:10
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Бишкек шаарынын мэринин орун басары пара менен кармалды

30.06.2025 13:24
12
Бишкек шаарынын мэринин орун басары пара менен кармалды


Паранын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан учурда Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 27-июнда "Опузалап пара талап кылуу" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда алынган 35 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.


Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн