Теке 11, 2025
Убакыт: 18:30
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

11.07.2025 15:30
22
Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Бул мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.


Алсак, ушул мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:


Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин компетенцияларын тактоо;


Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрияларынын  түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү тартибинде жаңыртуулар;


- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин ыйгарым укуктарын конкреттештирүү;


- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптарды толуктоо;


- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордуна дайындоонун тартибин белгилөө;


- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордунан бошотуунун тартибин тактоо;


- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин орун басарларын дайындоо тартибин аныктоо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн