Баш оона 26, 2025
Убакыт: 01:35
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Бишкекте 4-кабаттан 1-кабатка кулап түшкөн аялга жардам көрсөтүлдү

04.11.2021 11:55
922
Бишкекте 4-кабаттан 1-кабатка кулап түшкөн аялга жардам көрсөтүлдү


Бишкек шаарында 4-кабаттан 1-кабаттын бастырмасына кулап түшкөн аялды түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түшкөн.


Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, анын абалы канаттандыраарлык, колунан жаракат алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн