Бугу 03, 2025
Убакыт: 17:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Бишкекте 7 стационар жабылды

05.08.2020 13:00
1083
Бишкекте 7 стационар жабылды


Бишкек шаарындагы стационарларга медициналык жардам алууга кайрылган жарандардын саны кыскарып жатат. Бул тууралуу  5-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 5-августка караган түнү түнкү стационарларга 173 адам кайрылган. Ал эми бир айда күндүзгү стационарлар 84 миң 689 адамга, түнкү стационарлар 8 миң 688 адамга медициналык жардам көрсөткөн.


Оптимизациялоо максаты менен «Сейтек» мектебиндеги, Жал кичи районундагы № 95 мектептин базасындагы, № 83,№81, №94 мектептериндеги жана «Арал» кафесиндеги күндүзгү стационарлар жабылды. 


Ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы түнкү стационар жарандарды кабыл албайт. Азырынча башка стационарлар штаттык режимде иштеп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн