Кулжа 12, 2025
Убакыт: 21:49
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Бишкекте 77 чек арачыга жаңы батирлер тапшырылды

11.06.2025 12:17
21
Бишкекте 77 чек арачыга жаңы батирлер тапшырылды


"Менин үйүм" турак-жай программасынын алкагында Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91 дарегиндеги "Мурас Ордо" турак жай комплексинен 77 чек арачы батирлүү болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.


"Жаңы үйлөрдү жана батирлерди тапшыруу жөн эле ачкычтарды берип коюу эмес, бул сиздердин сиңирген эмгегиңиздерге жана Мекенди коргоодогу жан аябас кызматыңыздарга баа берүү. Сиздердин оңой эмес ишиңерди, чек ара кызматындагы орчундуу кыйынчылыктарды жеңип, ар күн сайын кайраттуу, ак ниет кызмат өтөп келе жатканыңарды мамлекет жогору баалайт", - деди ал.


Ташиев Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген аскердик инфраструктуранын курулушу активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Чек ара инфраструктурасын жакшыртууга негизги каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүүдө. Чек ара кызматы үчүн 60тан ашуун объекттер тургузулуп, дагы 30нун курулушу жүрүп жатат.


Маалыматка караганда, акыркы беш жыл аралыгында 570тен ашык чек арачы жаңы батирлерди алышты. Быйылкы жылы дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарында ак өргөлүү болору күтүлүүдө. Ошондой эле жылдын аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкекте жаңы батирлердин бактылуу ээлери болушат.


Мындан тышкары, ушул жылдын июнунда "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган аскердик бөлүктун заманбап курулушу колдонууга берилет. Мунун бардыгы мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүн модернизациялоодо олуттуу кадамдар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн