"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү.
Жыйындын алкагында Өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынынын протоколуна жана эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюлду.
Атап айтсак, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги менен Түркиянын Айлана чөйрө, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин Жер реестри жана кадастр башкы башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлигинин ортосунда 2025-2030-жылдарга кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча документке кол коюшту.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын тар форматта жолугушуусу өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн