Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды

20.11.2023 16:25
2402
Бишкекте Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды


Бишкектеги Эркиндик гүлбагында белгилүү жазуучу Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды.


Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты.


Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты.


Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон-Энесай доорундагы түрк элдеринин басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун "кара сандыгына" кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн