Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 17:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.072
1.100

Бишкекте Кыргызстан менен Армениянын парламенттеринин төрагалары жолукту

04.09.2025 15:09
15
Бишкекте Кыргызстан менен Армениянын парламенттеринин төрагалары жолукту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту.


Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, төрагалар алгач тар чөйрөдө баарлашкандан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 


Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду. 


Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Акыркы жылдары эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп, эки мамлекет эл аралык аянтчаларда жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барып келет”, – деди. 


Ошондой эле ушул жылдын 8-августунда Армения менен Азербайжандын ортосунда жетишилген Тынчтык жөнүндөгү декларацияны Кыргызстан колдой тургандыгын кошумчалаган Төрага: “Бул тарыхый окуя эки мамлекеттин гана достугун чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, Түштүк Кавказдагы жана жалпы эле чөлкөмдөгү туруктуулукка жана өнүгүүгө да көмөкчү болоруна терең ишенем”, – деди. 


Муну менен катар парламенттер аралык мамилелерди чыңдоо маселесине да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Кыргызстан менен Армениянын парламенттери өлкөлөрүбүздүн мамлекеттик-саясий системасында жана коомдук турмушунда башкы ролду ойнойт. Андыктан, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн алакасын арттырууда өзгөчө мааниге ээ. Биз мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да биргелешип иш жүргүзүүбүз кажет”, – деди.


Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Төрага: “Аталган багыттагы мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң экенине карабай, эки өлкөнүн соода байланышынын деңгээли төмөн бойдон калууда. Биз өндүргөн продукцияларыбызды армян рыногунда экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн айыл чарба, өндүрүш, транспорт, логистика жана санариптик технология жаатында жигердүү иш алып баруубуз зарыл”, – деген сунушун айтты. 


Маданий-гуманитардык алакаларды да өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу туризм тармагында да кызматташуу керектигин кошумчалады. Ошону менен катар кийинки жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна Армениянын спортчуларын да чакыра кетти. 


Өз кезегинде Ален Симонян да Кыргызстан менен кызматташуу Армениянын тышкы саясатында өзгөчө мааниге ээ экенин билдирип, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалады. 


Андан тышкары, төрага Нурланбек Тургунбек уулунун май айында Арменияга жасаган расмий сапары парламенттик диалогду кеңейтүүгө өбөлгө түзгөнүн айткан Ален Симонян анда Жогорку Кеңеш менен Улуттук Жыйындын ортосунда Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюлганын эске салды.


Ошондой эле Ален Симонян Армения менен Азербайжандын ортосундагы жетишилген макулдашуу тууралуу учкай маалымат берип, Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен да бөлүштү. 


Тагыраагы Армения тарап соода-экономикалык, инфраструктуралык маселелерди чечүү аркылуу өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. 


“Менин бул иш сапарым парламенттер аралык диалогду гана тереңдетпестен башка мамлекеттик органдар ортосундагы мамилени да жаңы деңгээлге чыгарууга түрткү берет деген үмүттөмүн”, – деди Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн