Теке 09, 2025
Убакыт: 11:43
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.110
1.135

Бишкекте дагы үч стационар ишин убактылуу токтотту

11.08.2020 09:17
882
Бишкекте дагы үч стационар ишин убактылуу токтотту


Бишкек шаарыда дагы 3 стационар ишин убактылуу токтотту, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.


Маалыматка караганда, 10-августта күндүзгү стационарлар 733 адамга медициналык жардам көрсөттү. Ал эми 10-августка караган түнү түнкү стационарларга 42 адам кайрылган. Акыркы суткада адам өлүмү катталган жок.


12-кичи райондогу муниципалдык наабайкананын базасындагы стационар күнү-түнү иштөө режимине өттү. Ал эми Аламүдүн кичи районундагы № 38 мектептин базасында ачылган күндүзгү стационар жана «Консул» рестораны менен «ДСК» спорт комплексинде жайгашкан түнкү стационарлар жабылды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн