Теке 27, 2024
Убакыт: 15:05
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Бишкекте эки жыл мурун колониядан качып кеткен туткун кармалды

11.06.2024 11:47
149
Бишкекте эки жыл мурун колониядан качып кеткен туткун кармалды


Бишкекте камактан качып, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Милициянын маалыматына караганда, 10-июнда Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде издөөдө жүргөн 1989-жылы туулган С.А. жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.


2022-жылы кылмышкер "Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" 104-берененин  негизинде жаза өтөп жаткан колониядан качып кеткен.


Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн. Тартип сакчыларына күч колдонууга туура келген.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду. Керектүү экспертизалар дайындалды. С.А. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн