Бугу 07, 2025
Убакыт: 05:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Бишкекте коронавирустан улам өз алдынча кайрылгандар көбөйдү, - вице-мэр

17.06.2020 12:46
961
Бишкекте коронавирустан улам өз алдынча кайрылгандар көбөйдү, - вице-мэр

Бишкек шаарында коронавирус боюнча өз алдынча кайрылуу кызматы толук кандуу иштей баштагандан бери 207 жаран кайрылды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.


"Алардын ичинен, 34 учурдун жуктурган шарттары белгисиз”, - деди ал. 


Вице-мэр белгилегендей, буга чейин жарандардан тастыкталып жаткан COVID-19 вирусу байланышта болгон жактардан жана сырттан келгендерден аныкталса, экономикалык ишмердүүлүктүн көпчүлүк бөлүгүнүн иши жандандырылгандан тартып ооруну жуктурган учурлар ишкердик тармактын кызматкерлери арасында да табылууда.  


Белгилей кетсек, 17-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2562 учур болду. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн