Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Калаа башчынын айтымында, ишкана ноябрдын ортосунан баштап таштанды ала баштайт.
"Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт өзүндө калат. Завод кубаттуулугун суткасына 750 мегаваттка чейин көбөйтөт", — деди Жунушалиев.
Белгилей кетсек, буга чейин Борбор Азия аймагында мындай ишкана жок экендиги айтылган. Завод суткасына 1000 тонна акыр-чикирди кайра иштетери, келечекте анын көлөмүн 3000 тоннага жеткирүү пландалганы маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн