Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте таанышын өлтүрүп, аны менен бир нече күн батирде жашаган

07.04.2020 14:56
1310
Бишкекте таанышын өлтүрүп, аны менен бир нече күн батирде жашаган


Бишкек шаарында эки өлүмгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу АКИpress басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, март айынын соңунда борбор калаанын ЖЭБ аймагында жашаган киши өзүнүнүн таанышын өлтүрүп койгон. Шектүү бир нече күн өлгөн адам менен бир үйдө жашаган.


Мындан сырткары, ал башка адамдын да өлүмүнө шектелип жатканы айтылды. Болжол менен шектүү жаран таанышынын тамагына бычак сайып, анын кесепетинен ал адам көз жумганы кабарланат.


Ошондой эле, шектүү Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалганы жана учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн