Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Бишкекте үч күн органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт

13.09.2024 09:10
270
Бишкекте үч күн органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт


Бишкекте 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, ал "Органикалык Экспо — Борбордук Азия" форумунун алкагында уюштурулат.


"Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Ага коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер, кургатылган жемиштер жана жаңгактар, шире, кыям, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктулары жана башкалар коюлат", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөрү белгиленди.


Жарманке эртең мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин болору кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн