Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте жаңы стадиондун курулушу 10-15 күндүн ичинде башталат, - Ташиев

19.02.2024 14:09
542
Бишкекте жаңы стадиондун курулушу 10-15 күндүн ичинде башталат, - Ташиев


Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы футбол стадиону эки жылдын ичинде курулуп бүтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев белгилегендей, президент Садыр Жапаров анын бул долбоорду жеке көзөмөлүнө алуусун тапшырган.

“Стадиондун курулуш иштерин жакынкы 10-15 күндүн ичинде баштоону пландап жатабыз. Биз стадионду эки жылда курабыз деген ойдобуз. Долбоор менин жеке көзөмөлүмдө”, - деди Ташиев брифинг учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Стадиондун жалпы сыйымдуулугу 40 миң орунду түзөт. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров былтыр 30-августта Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салган.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай бар. Стадиондун 5 кириши жана 3 көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн