Жетинин айы 03, 2025
Убакыт: 18:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.075
1.110

Бишкектеги менчик мектепте 75 адам шаурмага ууланган

Бишкектеги менчик мектепте 75 адам шаурмага ууланган


Бишкектеги менчик мектепте шаурмага уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. 


Анын айтымында, уулангандардын 68и — балдар, калганы — чоң кишилер. 


"Беш бейтап ооруканадан чыкты, дагы сегиз адам дарыланып жатат, абалдары туруктуу. Алар анализдеринин жыйынтыгы менен чыгарылышы мүмкүн", — деди Аалиев. 


Эске салсак, 31-октябрда Бишкектеги жеке мектептердин бириндеги окуучулар шаурмага жапырт ууланышкан. Бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына 22:30дан тартып кайрыла башташкан


Кийинчерээк Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департамент мектепти текшерип, натыйжада протокол түзүлүп, жалпы 36 миң сом айып чегерилген. Шаурма мектептин 3-класстан 11-класска чейинки окуучуларына берилгени маалым болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн