Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 146 млн доллардан кем эмес жаңы долбоорлорду каржылайт

21.02.2024 12:07
485
Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 146 млн доллардан кем эмес жаңы долбоорлорду каржылайт


Министрлер кабинети быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна (РКӨФ) 146 миллион доллардан кем эмес жаңы долбоорлорду каржылоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди.


Ал былтыркы жылы фонд рекорд койгонун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 160 миллион доллар берилгенин белгилеген. Бул ири көрсөткүч, ага чейин сумма жылына 63 миллион доллардан ашкан эмес.


"2024-жылга карата министрлер кабинети алдыбызга амбициялуу милдетти койду. Тагыраагы, фонд 146 миллион доллардан кем эмес акчага жаңы долбоорлорду каржылашы керек. Кредит доллар менен да, сом менен да берилмекчи", — деди Курманбеков.


Анын айтымында, планды ишке ашырса болот. РКӨФтө буга чейин бекитилген долбоорлордун пакети бар, ошондой эле арыздар да көп түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн