Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Биздин команда таза атаандаштыктын үлгүсүн көрсөтө алды, - Мурат Соорбеков, талапкер

12.04.2021 16:50
941
Биздин команда таза атаандаштыктын үлгүсүн көрсөтө алды, - Мурат Соорбеков, талапкер


"Республика" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Мурат Соорбеков социалдык тармактагы Фейсбук баракчасы аркылуу шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз пикирин билдирди. Ал шайлоочуларга жана командасына ыраазычылык билдирүү менен бирге айрым саясий партиялар шайлоодон четтетилиши керектигин айтып өттү.


"Жалпыңыздардын колдооңуздарга терең ыраазычылык билдирем. Өткөн шайлоо чоң тажрыйба жана сабак болду.


Айрым партиялар өткөндөн сабак албаптыр. Азыркы бийлик келечекте башкаларга сабак болуш үчүн, айрым мыйзам бузган партияларды шайлоодон четтетиши керек!

Бизге бөлүнгөн негизги округдан алдынкы орундарды албасакда, айрым утуп чыккан партиялардан көп добуш алдык - бул биздин алдыдагы жеңиштин башталышы.

Башкаларга окшоп акча таркатып, шагыл төшөп жана башка мыйзамсыз иштерге барган жокпуз.

Ишенип колдоп берген шайлоочуларга жана командабызга өзгөчө ыраазымын.

Алтынай Омурбекова эже баштаган биздин команда таза атаандаштыктын үлгүсүн көрсөтө алды. Алтынай эже сизге чооң рахмат", - деди талапкер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн