Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бизнести СММ таргет системасы аркылуу ийгиликтүү өстүргөн кыргыз айымдары бар (видео)

27.04.2021 10:29
1250

“Бизнес нөлдөн” онлайн тренингинин дагы бир бүтүрүүчүсү Батма Исматтилаева Ютубдагы “ИЙГИЛИК АКАДЕМИЯСЫ” каналына өзүнүн ийгиликтүү бизнеси тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, онлайн окууну үйдө жаш балдары менен отурган учурда бүтүргөн жана ошол күндөн тартып эле бизнес жасоо идеялары келе баштаган.


“Мен эң алгач Түркиядан товар буйрутма кылып, Кыргызстанда сатууну пландадым.Түркиядагы товар салуучулар менен социалдык тармактар аркылуу СММ таргет боюнча ишенимдүү сүйлөшүп алып, сапаттуу жана алданып калбагыдай макулдашуу түздүм. Менин эң алгачкы буйрутмам аялдар сумкасы болду. Адегенде кардарларды ошол эле СММ таргет аркылуу таап, алардын акчасын алып, чет өлкөгө кетирип, 1 жуманын ичинде алдырып, буйрутма бергендердин дарегине жеткирдим. Бизнес ишкерчилигим ошентип башталган”, - дейт Батма.


Ал өзүнүн кесиби боюнча журналист. Бирок ишкерчилик кылууну чечип, “Дордой” базарынан контейнер алып, ошол жерде соо-сатык менен алектенүүдө. Негизинен ал товардын көбүн дүңүнөн сатат.   

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн