Кулжа 26, 2025
Убакыт: 20:21
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Боом капчыгайында унаа жол бир тараптуу ачык

01.08.2022 16:16
1129
Боом капчыгайында унаа жол бир тараптуу ачык

Боом капчыгайында унаа жол бир тараптуу ачык. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел унаа жолду каптады. 


Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында 2 тилкеде сел катталды. Учурда жол бир тарапту ачык. 


Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн